Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге жана анын жакындарына таандык мүлк аныкталганын билдирди. Аталган кызматтын басма сөз кызматы 26-майда кабарлаганына караганда, Жумалиевдин мүлкү боюнча Башкы прокуратура каттаган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк табылды.

Маалыматта:

«Аларда Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал түзүүчү, жетекчи болуп саналат экен. Ошондой эле Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталды. Сотко чейинки териштирүү уланып жатат»- деп айтылат.

Финполдун басма сөз кызматы жогоруда аталган мүлктүн тизмеси тергөөчүлөрдө экенин, азырынча ал ачыкка чыгарыла элек экенин кошумчалады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here