Жазык-аткаруу тутумунда соттолгондорду паспорттоштуруу өзгөчө маани берилген иштердин бири. Анткени, алар паспорту болгондо гана түзөтүү мекемелеринин өндүрүшүнө жумушка орношууга, социалдык жөлөк пулдарды алууга, никеге турууга же пенсия алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 23-майында ЖАМКнын №1 мекемесинин социалдык кызматкерлери ЗАГС бөлүмүнүн жана Аламүдүн районунун паспорттоштуруу бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте соттолгон 12 адамга жаңы паспортторду тапшырышты.
Бул иштер Соттолгондорду документтештирүү максатында, 2019-жылдын 27-декабрында чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондорго жана тергөө изоляторлорунда кылмышка шектүү жана айыпталуучу катары кармалып жаткан адамдарга Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үлгүсүндөгү улуттук паспортун берүү үчүн документтерди кабыл алуу Регламентин бекитүү жөнүндө” № 716 токтомунун негизинде жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелеринде 1500 ашуун соттолгон адам паспортко муктаж болсо, паспорт алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук калкты каттоо жана паспорт берүү бөлүмдөрүнө 800дөн ашуун соттолгондордун материалдары жөнөтүлүп, бүгүнкү күндө анын 94ү паспорт менен камсыз болду. Мындан сырткары, түзөтүү мекемелеринин социалдык кызматкерлери тарабынан сот жана тергөө органдарына суроо каттар жөнөтүлүп, соттолгондордун жоголуп кеткен паспортторунун 80 даанасы кайтарылып, соттолгондордун өздүк иштерине тиркелди.


Пенитенциардык мекеменин социалдык кызматкерлери ошондой эле, укук коргоо органдарына жана сот органдарына эркинен ажыратууга соттолгон адамдын инсандыгын тастыктаган документтерди кайтарып берүү, багыттоо жөнүндө суроолорлу райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана соттордун архивдерине жөнөтүшүүдө. Ошентип, акыркы эле 2019-жылы 235 адамдын өздүгүн тастыктаган документтер (паспорт, паспорт, аскердик күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, айдоочулук күбөлүк ж.б.) кайтарылып берилген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here