УКМК Башкы прокуратуранын кызматтык териштирүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге Жети-Өгүз районунун прокурорунун жардамчысын кармады. УКМКнын басма сөз кызматы 1982-жылы туулган К.А. 150 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөнүн билдирди. Ал арыз ээсинин уулуна козголгон кылмыш иш боюнча жазаны жеңилдетүүгө байланышкан маселени чечип берүү үчүн 2000 доллар талап кылганы аныкталды.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here