Россиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда турган 448 кыргыз жараны Россия-Казакстан чек арасынан өтүштү, жакында Кыргызстанга келип калышат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, орус-казак чек арасынан өткөн мекендештерди азыр автобустарга жайгаштыруу иштери жүрүүдө.

«Россиядагы элчилик КРдин Оренбургдагы ардактуу консулдугу, Россиянын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кыргыз жарандарын Бузулук районунан Россия-казак чек арасынын «Сагарчын» көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин алып келишти. Учурда КРдин Казакстандагы элчилигинин кызматкерлери мекендештерди кыргыз өкмөтү уюштурган тогуз автобуска жайгаштырып жатат. Алар Казакстан жол полициясынын коштоосунда колонна болуп казак-кыргыз мамлекеттик чек арасын көздөй бет алышат», — деп айтылат маалыматта.

Мекендештерди алып кетүү үчүн Казакстан транзиттик коридор уюштуруп берген. Бул маселе өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаевдин ортосундагы макулдашуунун жыйынтыгында чечилгени айтылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here