Быйыл Кыргызстанда Орозо айт намазын аянттарда жана мечиттерде окуган болбойт. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгы кабарлады.

Орозо айт майрамы 24-майда белгиленет, анын эртеси — 25-май, дүйшөмбү күн да быйыл дем алыш болот.

Муфтияттан:

-Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 24-майда Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбасын маалымдайбыз. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз- деп айтылат

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here