Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны беш миллиондон ашты, тагыраагы, 5 000 561 адам болду. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы университеттин вирус дүйнөдө 188 мамлекетти каптаган.

Анын ичинен вирус көп катталган мамлекеттердин сап башында АКШ (1,5 миллиондон ашык адам) турат.

Экинчи орунда: Россия (308 миңден ашык), үчүнчү орунда Бразилия (291 579), төртүнчүдө Улуу Британия (249 619), бешинчи орунда Испания (232 555) турат.

COVID-19 аныкталган бейтаптардын ичинен 328 миң киши каза болуп, 1 миллион 900 миң бейтап айыгып чыкканы айтылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here