Парламенттин 21-майдагы жыйынында «Өнүгүү-Прогрес» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев мандатын тапшыра турганын жарыялады. Ал өз сөзүндө буларды айтты:

-Өкмөттүн тоготпогон мамилесин сезип атам. Мен төрт жолу депутат болуп шайландым. Бирок он беш жыл ичинде минтип мыйзамды четке кагып койгон учурду көрө элек элем. Жогорку Кеңешке айтылган мынчалык сын-пикирди уга элекмин. Бул чоң жетишпестик. Жогорку Кеңештин төрагасы сын-пикирлерди чычалабай, туура кабыл алышы керек. Сиз кээ бир учурда депутаттарды кагып-силкип, өкмөткө адвокат болуп алдыңыз. Бул сиздин ишти билбегениңиз, кемчилигиңиз. Баарыбыз эл тарабынан шайланып келген депутаттар, эл өкүлдөрүбүз. Алтынчы чакырылыштын ишине эл өзү баа берет. Тарых көрсөтөт .

Масалиев мандатын 25-майда токтоторун билдирди. Жыйында спикер Дастанбек Жумабеков Исхак Масалиевдин туулган күнү экенин айтып, аны куттуктады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here