Парламенттин 21-майдагы сессиясында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыштык сатуудагы коррупция боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берди. Өкмөт башчы жыштык сатууга өзүнүн тиешеси жок экени боюнча баса белгилеп, буларды айтты:

-Жыштыктар боюнча абал кандай болду экен деп 2019-жылы мен тапшырма бергем. Радио жыштык мамлекеттин байлыгы. Анын аткарылышын кароо учурунда эки фактыга кабылдык. Бири — компанияларга берилбей, мамлекеттин балансында турган жыштыктар. Экинчиси — мурда берилип кеткендер. 1000 сомго берилген учурлар бар экен. Алар убактылуу пайдаланууга алгандар. Ошолордун тагдыры кандай болуп атат дегенде бир факты чыккан. Бир компания экинчи бир компанияга убактылуу алган жыштыкты саткан. Мамлекет болсо аны убактылуу пайдаланууга берген. Биз бул туура эмес, буга мыйзамдуу түрдө чек коюп, эгерде өзү пайдаланбаса, лицензиянын шартын аткарбаса, кайра мамлекетке кайтарып, аукцион аркылуу сатыш керек деген чечимге келдик. Мен бул иштер тууралуу президентке маалымат бергем. Анын тапшырмасы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тапшырма бергем, факты боюнча кылмыш иши ачылып, текшерүү жүргүзүп жаткан. Кийин Ala TV боюнча дагы бир факты ачылды. Ал дагы 1998-жылы телекөрсөтүү багытында жыштык алып, колдонуп жүрүп, «Билайн» компаниясына саткан экен. Бул жерден мамлекеттик кызматкерлер аралашканы тууралуу ар кандай маалымат болду. Тергөө жүрүп атат. Мен ачыгын айтпай эле коеюн. Эки-үч мамлекеттик органдардын кызматкерлери кармалган. «Мегакомду» жыштыгы менен кошо 250 миллион долларга сата албай койгонбуз. Жыштыкты 900 миллион долларга сатса болот десе, мен бир чети ошондой болсо кана деп кубандым. Сандарды такташ керек да. Мен андан аз болот деп эсептейм. Бирок баалуулугу бар. Сурак жүрүп атат. Кайсы стадиясына келгенин айта албайм. Башында өкмөт башчы катары мен баштагам. Бакир Таиров мага мурунку башталган иш менен кийинки ишти бириктирип, прокуратура сурап жатат деген маалымат берди.

Бирок Абылгазиев бул иш боюнча канча киши шектүү катары өтүп жатканын так айткан жок.

Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишке катышы жок экенин далилдесин» деген талап койгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here