Коомдук жана саясий ишмер Мукар Чолпонбаевдин абалы дагы эле оор экенин Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирген.

Чолпонбаевге коронавирус жугуп, бул ооруканага 5-майда жаткырылган. Абалы жакшы болбогондуктан 12-майда реанимацияга которулган. Анализдеринин кээ бир көрсөткүчтөрү жакшы. Бирок өзү дем ала албай, аппаратта экени айтылат.

70 жаштагы Чолпонбаев 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here