Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынында «Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, көпчүлүк добуш менен өттү.

Документте белгилүү бир жактарга кызматтык батирлерди менчиктештирүүгө уруксат берүү жөнүндө сунуш камтылган. Мыйзам долбоорун депутат Марат Аманкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан.

Демилгечилердин бири Марат Аманкуловдун айтымында, мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр айрым жарандарга кызматтык батирлерди менчиктештирүүгө шарт түзөт.

Депутат Аманкулов:

-Өзгөчө эмгеги үчүн спортчуларга, ырчыларга жана башка тармактагы адамдарга батир берилет. Бирок ал кызматтык батир. Ал эми кезек күтүү шарты менен мугалимдер, дарыгерлер, медайымдар, ИИМдин ардагерлери батир алышат. Алар кийин үйдү бошотуп бериши керек болот. Мындай прецедент бар. Мисалы, кызматтык батир алган согуштун ардагери каза болгондон кийин анын үй-бүлөсү батирди бошотууга тийиш. Азыр батирди бошотууга байланышкан соттук териштирүүлөр да кездешет», — деди Аманкулов.

Вице-мэр Уланбек Азыгалиев жыйында бул мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы пикирин билдирди. Ал жүйө катары буларды айтты:

-Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, батирлер менчиктештирилип кетет. Биз кызматкерлерге кызматтык батир бере албай калабыз. Мэрия бул долбоорду кабыл алууга эрте деп эсептей. Азыркы учурда мэриянын карамагында 194 кызматтык батир бар. Ошол эле кезде кызматтык батир алыш үчүн 3 191 киши кезек күтүп турат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here