Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин козгоду. Ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «буга катышы жок экенин далилдесин жана алешемдиктер үчүн жооп берсин» деген талап койду.

Ал өз сөзүндө буларды айтты:

-Бул премьер-министрдин уруксаты жок болбойт. Укук коргоо органдары тез арада буга премьер-министрдин катышы барбы же жокпу, иликтеши керек. . Бул жерде аябай ири сумма тууралуу сөз болуп жатат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ал ишке тиешеси жоктугун далилдеши керек, болбосо жооп берсин. Ala TV компаниясы жакында 200 мегагерц жыштыгы менен кошо Beeline уюлдук операторуна 1,8 миллион долларга сатылды. Анда телевидение үчүн гана жыштык бар. Ошол эле Beeline биздин Байланыш комитетине караштуу 200 мегагерц телевидениеге багытталган жыштыкты алып, лицензиясын 4G интернетине ылайыктап жасаган. Азыркы премьер-министрдин тушунда аталган 200 мегагерц жыштык 700 сомго сатылган. Муну карап көрүңүз, бекер кетип жатат. Мисалы, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 15 мегагерц жыштык аукцион аркылуу 25 миллион долларга сатылган. Менин колумда Байланыш агенттигинин өкмөткө жазган жашыруун каты турат. Бул келишим мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келет, миллиарддаган зыян тартабыз. Бул 200 мегагерцти сатуудан бюджеттин чоң кемтигин толтурсак болот. Мындай кадамга барбашыбыз керек» деп жазган. Ошого карабай аукцион, конкурс өткөрбөй, казакстандык компанияга берип жиберишкен. Ага чейин дагы бир наркы 900 миллион сом турган лицензияны бир уюлдук операторго 1000 сомго сатып жеберишкен. Муну мен эмес УКМК айтып жатат, мына колумда корутундусу турат. Адистердин жана эксперттердин эсеби боюнча бул жыштыктарды сатуудан мамлекет 5 миллиард сом зыян тартты. Мамлекеттик кызматтарда мекенге күйгөн патриот жигит, кыздар бар экен. Өздөрү кызматта турса дагы мага ишенип материалдарды берип «биз айта албайбыз, сен айтып чыкпасаң болбойт» деп ыйлап жатышат. Бул иш премьер-министрдин уруксаты жок болбойт, ошондуктан күч түзүмдөрү карап чыгышы керек.

Эске сала кетсек, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен 12-майда кармалган. Башкы прокуратура ал мамлекетке зыян келтиргенин билдирген.

Өкмөт жана күч органдары депутаттын билдирүүсүнө азырынча жооп бере элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here