Бишкек карантин шартында жашап жатат, андыктан айрым жайларга жана иш-чараларга уруксат берүү маселеси азырынча чечиле элек. Бул тууралуу 20-майда борбор калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.

Төмөнкү жайларга жана ишмердүүлүккө азырынча уруксат жок:

— Маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк жана эскерүү иш-чаралары,

— Көнүл ачуу жайлары,

— Балдар үчүн оюн-зоок жайлары жана оюн аянтчалары,

— Интернет-клубдар жана компьютердик оюн жайлары,

— Бала бакчалар.

Ошону менен катар коомдук мончолорго, сауна, бассейн, спорт залдарына да азырынча иштөөгө уруксат жок экенин өкмөт 19-майда жарыялаган болчу.

Алымкулов кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Бишкектин кире бериштеринде 16 санитардык көзөмөл пункту иштеп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here