Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 19-майдагы жыйынында шайлоо босогосун тогуз пайыздан беш пайызга ылдыйлатуу каралган мыйзам долбоорун четке какты. Шайлоодо күрөөгө коюлган акчанын суммасын азайтуу маселеси да колдоо тапкан жок.

Долбоорду депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев иштеп чыккан. Алардын бул мыйзамы бул жыйында колдоо тапкан жок. Сулайманов, Өмүркулов баштаган бир катар депутаттар каршы пикирлерин билдиришкен жок. Сулайманов болсо: «Шайлоо босогосун 3 пайызга, же 5 пайызга да түшүрсөк эч нерсе өзгөрбөйт»- деди.

Себеби, шайлоо босогосун 7 пайыза түшүрүү мыйзамын ЖКнын 24 депутаты демилгелеп чыккан. Алардын арасында депутатат Нурбек Сыдыгалиев да бар. Ал өз сөзүндө:

“Бизде билесиңер парламенттик шайлоого 2010-жылы 29 партия катышкан. Андан кийин 2015-жылы 14 партия катышты.  Партиялар шайлоону бизнес катары кылып алышкан. 5-6 башы көрүнгөн кишини кошуп алып эле акча топтомой. Андан кийинки шайлоого катышуу үчүн төлөгөн акчаны кайра кайтырып бербей эле, өкмөткө калтырып коюш керек”-деди.

Шайлоо чеги тууралуу эки мыйзам долбоору сунушталган. 14-майдагы сессияда босогону тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүү тууралуу башка мыйзам долбоору биринчи окуудан көпчүлүк добуш менен өткөн.

Бирок чекти жети эмес, беш пайызга түшүрүүнү сунуш кылган долбоордун демилгечилери «парламентте кош стандарттуулукка жол берилип жатат» деп нааразылык билдирип чыгышкан. Тармактык комитет маселени карай турган болгон. Комитет бул отурумда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчётун талкуулашты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here