ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров: 1 чакырым жол курулушунан 500 миң доллар пара алып жатышканын комитет жыйынында Транспорт министрлигине кулак кагыш катары айтып, жол курулушундагы коррупциялык иштерди айтты. Ошондой эле ал министрлик жолду арзаныраак салган жергиликтүү компанияларды «жерге уруп», жолду кымбат салган чет элдик компанияларга басым жасап жатышканын да баса белгиледи.

Ал өз сөзүндө: Бишкек — Кара-Балта унаа жолунунун бир чакырым жолу 1 миллион 560 миң долларга, сомдун азыркы курсу менен алганда 120 миллион сомго салынып жатканын, бул өтө кымбат экенин айтты.

-“Бул долбоорлордун баарында проблема болуп жатат. Азыр баштапкы баасынан дагы 7 миллион долларга кымбаттай турган болуп жатат. Андан сырткары иштин аткарылышы бир жылга кечиктирилип отурат. Ошондуктан кабыл алынмайынга бул маселени комитет көзөмөлдөн албашы керек. 67 чакырымды түзгөн Жалал-Абад — Маданият жолун алалы. Чет элдик компания тендерден 72 миллион долларга утуп алып жатат. Анын 1 чакырымы 1 миллион 74 миң 626 долларга салынып жатат” деп тендердик комиссияга катышкандардын, куратор болгон адамдардын тизмесин берүүнү талап кылды.

Маселен Жалал-Абад – Маданият жолун салууну чет элдик компания 1 миллион 74 миң 626 долларга уткан. Бирок ишти кыргызстандык эки компания аткарууда. Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтылган маселелер чынында ушундай экенин мойнуна алды. “Анан айтасыңар, биздин ата мекендик компанилар жол сала албайт деп. Бирок иш жүзүндө жол салып жаткан компаниялар ата мекендик болуп жатпайбы. Бир күрөгү жок компаниялар тендерди утуп алышат да, ишти биздин компаниялар жасап жатат. 1 миллион доллар болсо, ата мекендик компанияларга анын 700 миң доллары гана берилет”, — деди Зулпукаров.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here