ЖК депутаты Нурбек Сыдыгалиев буга чейин депутаттар көп көтөрбөгөн эӊ орчундуу маселелердин бирин көтөрдү.

Н. Сыдыгалиев

Ал жыйында өкмөт башчыга кайрылып: «Генералдык штабды качан жоюп, мурунку калыбына алып келбейлиби. Генералдык штаб деген Коргоо министрилигинин ичиндеги башкармалык болушу керек. Чынында бул нерсени биз башка бир мамлекеттерден көчүрүп алганбыз да. Мурун да айттым эле. Андан кийин да айттым. Дагы эле ал маселе чечилбей турат. Чынында биздин Генералдык штабды башка өлкөлөрдүн Коргоо министрлери теӊине алышпайт»- деген суроо салды.

Абылгазиев депутаттын суроосуна: «Кол башчы болуп Президентибиз турат. Андыктан бул маселени президент менен чогуу чечебиз»- деп чийки жооп узатты.

Кыргызстанда Коргоо министрлигинин ордуна Генералдык штаб Атабаевдин тушунда түзүлгөн. Бирок анын түзүлүшү коомчулукта катуу сындарды жаратса да, эмдигиче бул маселе чечилбей келет. Депутат айткандай башка мамлекеттердин Коргоо министрлери биздин Генштабдын башчысын теӊине албай, «чүкөӊдү алыс ойно» дегендей тоӊдоосун мамиле кылып келатышканын жалпы эл да, Президент да, Абылгазиев өзү да эӊ сонун билет. Бирок ошого карабастан чечкиндүү аракет көрө алышпай, ушу күнгө чейин илеӊ-салаӊ болуп келишет…

Балким, ушул жолу Жээнбеков менен Абылгазиев Генштадбы жоюп, Коргоо министрин кайра түзүшөөр… Үмүт кыла туралы…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here