“Манас” аэропортунун жанындагы обсервацияда жаткандар ал жайдан чыгарууну талап кылып жатышат. “Бизди кетиргиле” деген талаптар айтылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда “ал жерде проблема бар”.

Обсервацияда жаткандардын биринин айтымында, чуу чыгаргандар дарыгерлерди Соль-Илецкиден (Россия) келген жарандардан коронавирус чыкканына карабай, алар менен кошо келгендерди үйүнө чыгарып жиберген деп айыптап жатышат. Мындан улам башкаларын дагы коё берүүнү талап кылышууда.

Кадрдан бир нече киши чогулуп, башкаларды дагы сыртка чыгууга чакырып жүргөнүн көрүүгө болот. Милиция кызматкерлери аларды кайтарып жүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн ведомствонун өкүлдөрү кетишкенин билдирди.“Ал жайда жаткан жарандар өзүн агрессивдүү алып жүрүшөт. Дарыгерлерге кол салган фактылар да катталды. Тез жардам кызматынын өкүлдөрү дагы жабыркады, медиктердин кийимдерин айрып, Тез жардам унаасын оодарууга да аракет кылышкан.

18-майга карата Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус 78 адамдан табылды. Алар, Орусиянын Соль-Илецк шаарынан 7-майда автобус менен жеткирилгендер экени расмий айтылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here