Жалпыга маалым болгондой жакында эле 42 жашында акка моюн сунуп, арабыздан кеткен ак таӊдай акын, КРнын эл артисти Элмирбек Иманалиевге Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо -3 жаӊы конушундагы бир көчөгө аты берилгени маалым болду. Бул тууралуу билгендер, ак таӊдай акындын ысымы жазылган тактайчанын сүрөтүн тартып, интернет айдыӊына жарыялашты. Буга чейин маркум Иманалиевдин сахналаштары, жердештери анын атындагы фонд түзүп, тиешелүү иштерди алып бара тургандыктарын айтышкан. Демек, бүгүнкү бул саамалык ак таӊдай акындын ысымын түбөлүккө калтыруу, даӊазалоо иштеринин башталашы гана деп айтсак туура болот. Жакынкы мезгилде Элмирбектин ысымы башка аймактардагы бир ктаар көчөлөрдөн тышкары, туулуп өскөн айылына берилиши толук мүмкүн… Анткени, ак таӊдай акын ошондой чоӊ сый, ардактоого татыктуу залкар инсан эмеспи…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here