Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан алты адам жаңы катталганын 16-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди

Алар: Бишкекте үч, Ош шаарында бир, Ош облусунда бир, Баткен облусунда бир адам илдет жуктуруп алган. Ушуну менен 16-майга карата Кыргызстанда жалпы коронавирус илдетин жуктурган 1117 учур катталды. Акыркы суткада 38 адам оорудан айыгып чыкты. Жалпысынан коронавирустан 783 адам сакайды.

Республикалык жугуштуу оорулардын клиникасынан экс-спикер Мукар Чолпонбаев азыр жасалма дем алдыруу жабдуусуна туташтырылып, комада жатканын кабарлады. Анын жубайы да коронавирус менен ооруп, аталган клиникага жаткырылган. Чолпонбаевге диагноз Президенттин иш башкармалыгы алдындагы атайын ооруканада коюлган, 5-майда Жугуштуу оорулардын клиникасына которулган. Пневмония болуп, дем алуусу кыйындап, реанимациялык бөлүмгө түшкөн».

Кыргызстанда 14 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алгандан кийин каза тапты.Акыркы суткада медицина кызматкерлеринен вирус аныкталган жок. Жалпысынан ооруга чалдыккан 247 медицина кызматкердин 200ү айыгып, ишине кайтты.

Ушул тапта 320 адам стационарда жатат. Төрт киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here