Жогорку  Кеӊештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев ЖК жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый  Абылгазиевге  ӨКМдин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча бир катар суроо салды.

Жалпыбызга маалым болгондой  жыл сайын жазында күн ысыган сайын Кыргызстандын  айрым жерлеринде суу деӊгээли көтөрүлүп, сел жүрүп келет. ӨКМ ал селдин кесепетин жоюу үчүн бюджеттен  бөлүнгөн миллиондогон каражатка  дамбаларды салып, кыйла аракеттерди көрүшөт. Бирок ошол чоӊ акча сарпталган дамбалар ар кандай деӊгээлдеги селге туруштук берип жатабы? Сапаты кандай?  Миллиондогон каражатка салынган дамбалар эмне үчүн салынгандан кийин каралбай калып жатат?

 Мына ушул маселе боюнча депутат Нурбек Сыдыгалиев буларды айтты:

-Жакында Баткендеги сел боюнча ушул жерде олтуруп 5 саат талкууладык. Сел алуу коркунучу жаралган жерлерге кооптулугуна жараша чоӊ жана кичине  дамбалар салынат. ӨКМдин ичинде “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” агенттиги бар. Анын бюджети 100 миллион сомдон 130 миллион сомго чейин. Аталган агенттиктин айрым жерлерге 10 миллиондон 20 миллионго чейин дамба салган учурлары болгон. Алар дамбаны  салып бүтүшкөндөн кийин  ал кайсыл  айыл өкмөттүн аймагында салынса ошол айыл өкмөттүн балансына өткөрүп беришет. Салынган дамба сапатына жараша 30 жылдан 50 жылга чейин ар кандай селге туруштук берип турушу керек.  Бирок  айыл өкмөттөрдө акча жок болгондуктан алар дамбанын абалын жаӊылап, талапка ылайык карай алышпайт. Бир мисал айталы,  7,5 миллион сомго салынган Баткендеги дамба 30 жыл турушу керек эле, тилекке каршы ал бир жыл да турган жок, сел алып кетти. Ошону менен миллиондогон каражат жөн эле короп кетип жатат. Менин сунушум чоӊ дамбаларды ӨКМге караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” агенттигинин балансына эле өткөрүп берсеӊер. Анткени алардын кармагында республика боюнча 449 чакырым дамба бар. Алардын штатын жана каражатын көбөйтүп берип койсоӊор, өздөрү салган дамбаларды селге алдырбай сактап, сапатына көз салып, жакшылап карай беришмек”

 Депутат бул маселеден тышкары, өкмөт башчыга 2012-жылы  өкмөттөн №357чи токтом чыгып, “Өрттөн куткаруу” кызматын түзүү маселеси каралганын айтып, ал боюнча да жүйөлүү маселени кабыргасынан козгоп:  “ 2020-жылга  чейин  ал куткаруу кызматынын 46 бөлүмдөрү түзүлмөк. Бирок 2015-жылы 21 бөлүм, анан кийин 3 бөлүм түзүлүп, ошону менен токтоп калды. Мына ушул зарыл маселеге көӊүл буруп карап койсоӊуздар. Анткени аталган куткаруу кызматтары республика боюнча Бишкек-Торугат, Бишкек-Эркечтам, Ысык-Көл аймактарын камтыган. Мына ошол аймактарда болгон кырсык учурларында аталган кызматтын куткаруучулары өз убагында жетип барып, адам өмүрлөрүн сактап калышы керек. Мына ушул кызматты да күчтөп, талапка ылайык иштетишибиз абзел- деди.

Эми өкмөт менен ӨКМ депутаттын бул айткан орчундуу сунуштарынан  кандай жыйынтык чыгарышарын  убакыт көрсөтөөр…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here