Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 29 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 15-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анализинен коронавирус табылган эки адам бир суткада кайтыш болду.

Алардын бири Нарын облустук ооруканасында өнөкөт ооруларынан дарыланып жаткан 84 жаштагы аял бейтап. Экинчиси Бишкекте Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада жаткан 55 жаштагы эркек бейтап.

Бир сутка ичинде 10 бейтап айыгып чыкты.Жалпысынан 15-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1111 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 745 бейтап айыгып чыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here