Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев жубайы менен ооруканада дарыланууда. Алар COVID-19 жуктургандыгы аныкталган. Маалыматты жубайлардын кызы Нуриля Чекирова тастыктап, чоо-жайын айтып берди.

Экс-төрага жубайы экөө COVID-19 инфекциясын кайдан жуктуруп алгандыгы белгисиз.

«Ата-энебиздин ооруп калганына бүгүн сегизинчи күн болот. Азыр Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында. Алгач атам өзүн жаман сезип, жөтөлүп баштаган. Дене табы көтөрүлгөндө үйгө мобилдик топ чакырып, анализ тапшыртсак коронавирус жуккандыгы аныкталды. Андан кийин дароо эле шашылыш түрдө ооруканага жаткырышты. Дарыгерлер апама да дары жазып берип, ПЦР анализ тапшырышы керектигин айтып үйдө калтырып кетишкен. Эртеси апам да өзүн жаман сезе баштаганынан анализ тапшырса, коронавирус аныкталып, ооруканага жаткырышты. Атам ооруканага жаткан төртүнчү күндөн кийин абалы оорлой баштады. Биз абдан тынчсызданып жатабыз. Себеби ата-энем жетимишке чыгып калган адамдар. Бул вирус жашы улгайып калгандарга опурталдуу экенин уктук. ЖМКлардан ар кандай туура эмес маалыматтарды таратпоосун өтүнөт элем. Чындыгында биздин абалыбызды ушул ооруга кабылып калгандар жакшы түшүнөт», — деди Чекирова.

Ал кошумчалагандай, Мукар Чолпонбаевдин жубайы бейтапканада эмгектенип келген. Ошол себептен буга чейин да коронавируска бир нече ирет анализ тапшырып, баары таза чыккан.»Үй-бүлөбүздүн атынан жугуштуу илдеттер ооруканасында иштеген медиктерге, жетекчиси Гүлжигит Аалиевге бейтаптарга күнү-түнү кам көрүп жатканына ыраазычылык билдиребиз»,  – деди Чолпонбаевдин кызы.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башчысы Гүлжигит Аалиевге кайрылып, экс-спикер менен анын жубайынын абалын сурадык.

«Мукар Чолпонбаев учурда өзү дем алалбай жаткандыктан, атайын аппаратка кошулуп, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы туруктуу оор. Ал эми жубайы жакшы болуп калды. Ал киши жөнөкөй эле палатада дарыланууда», — деди Аалиев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1111ге жетип, анын ичинен 745и айыгып чыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here