ыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 71 адам жаңы катталып, 17 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу илдетке каршы Республикалык штабдын 10-майдагы брифингинде саламаттык сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Оору жаңы табылгандардын 55и Орусиянын Соль-Илецк шаарынан бир автобуста келип, Чүй облусунда обсервацияда жаткан мигранттар.

Андан тышкары Бишкек шаарында эки, Ош облусунда үч, Жалал-Абад облусунда беш, Баткен облусунда төрт, Нарын жана Чүй облустарында бирден учур катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус 1002 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 675 бейтап айыгып чыкты.

COVID-19 жуктуруп алган 1002 адамдын 232си медицина кызматкери, алардын 166сы айыкты, бирөө каза тапкан.

Кыргыз бийлиги 11-майда өлкөдөгү өзгөчө абал режими алынарын, бирок өзгөчө кырдаал режими улана берерин билдирген. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here