Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда башталып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.

Ага Жер шарынын 80% ашуун калкы, 62 өлкө катышкан. Майдан Европа менен Азия, Африкада, баш-аягы жок мелмилдеп жаткан дүйнөлүк океанда жүргөн.

Биринчи дүйнөлүк согуштан жеңилүү ызасын тартып калган фашисттик Германия 1939-жылдын 1-сентябрында Польшаны басып кирген.

Кызыл армия менен нацисттик аскерлердин Бресттеги орток парады маалында. 22-сентябрь, 1939-жыл.
Кызыл армия менен нацисттик аскерлердин Бресттеги орток парады маалында. 22-сентябрь, 1939-жыл.

Чыгыштан советтик кызыл аскерлер каптап, айласы куруган поляк өкмөтү чет жерге качып, өлкө кыска убакыттын ичинде басылып алынган.

Польшалык аскер туткундары. Сентябрь, 1939-жыл.
Польшалык аскер туткундары. Сентябрь, 1939-жыл.

Германиялык аскерлердин Европа өлкөлөрүнө жасаган аскердик жүрүштөрү кыска убакка созулуп, континент дээрлик немис бийлигинин таасири алдында калган.

Брестти нацисттерден кызылдарга өткөрүү аземи. Аскердик парадды генерал Хайнц Гудериан менен комбриг Семён Кривошеин кабыл алууда. 22-сентябрь, 1939-жыл.
Брестти нацисттерден кызылдарга өткөрүү аземи. Аскердик парадды генерал Хайнц Гудериан менен комбриг Семён Кривошеин кабыл алууда. 22-сентябрь, 1939-жыл.

Азиянын чыгышында жапон аскерлери 1931-жылы Кытайдын түндүгү менен Манжурияны басып алып, 1937-жылдан тарта кытай-жапон урушу башталган. 1938 –1939-жылдары Хасан көлү менен Халхин-Гол дарыясында СССР менен жапон аскерлеринин чек арадагы куралдуу кагылышы өтүп, жыйынтыгында эки өлкө бири-бирине кол салбоо келишимине келишкен.

1939-жылы ушундай эле келишимге СССР менен Германия өкмөттөрү кол коюшкан. Тарыхка ал “Риббентроп-Молотов пакты” деген ат менен кирген.

Молотов-Рибентроп пактына кол коюу учуру. 1939-жыл.
Молотов-Рибентроп пактына кол коюу учуру. 1939-жыл.

1940-жылы Германия, Италия, Жапония үчилтик келишимге кол коюшуп, анда өз ара көмөктөшүү, таасир көрсөтүү чөлкөмдөрүн аныктап алышкан.

Освенцим лагериндеги туткундар. Освенцим эң чоң нацисттик лагерь болгон. Бул жерде бир миллиондон ашык адам жок кылынган. 1940-жылдын май айынан 1945-жылдын январь айына чейин бул жерге гитлердик армия басып алган Европа өлкөлөрүнөн жөөттөрдү ташып келип турушкан.

Антигитлердик коалицияга башында Британия, Франция, Польша кошулуп, кийинчерээк СССР, АКШ, Кытай кирген. Германия бир айга жетпеген убакыт ичинде Польшаны, кыска мөөнөттүн ичинде Дания, Норвегия, Нидерланд, Бельгия, Францияны да басып алган. Анын өнөктөшү Италия Эфиопия, Сомали, Кения, Суданды басып алган.

СССР эгемен фин өлкөсүнө кол салган

Фин жоокерлери "Кышкы согуш" маалында коргонууда. 1939-40-жж.
Фин жоокерлери «Кышкы согуш» маалында коргонууда. 1939-40-жж.

1939-жылдын аягында СССР Финляндияга кол салып, көптөгөн жоготууларга карабастан 1940-жылдын мартында “Маннергейм линиясынан” өтүп, Хельсинкини тынчтык келишимине кол коюуга мажбур кылган.

1940-жылы февралда фин аскерине колго түшкөн советтик жоокерлер. Финляндияга кол салып, СССР көптөгөн жоготууларга дуушар болгон.
1940-жылы февралда фин аскерине колго түшкөн советтик жоокерлер. Финляндияга кол салып, СССР көптөгөн жоготууларга дуушар болгон.

Андан соң Советер союзу Балтика боюндагы республикаларды өзүнө кошуп алган. Германия Англияны бомбалап, Африканын түндүгүндөгү Мисирди, Югославия менен Грекияны каратып алган.

Германия СССРге кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш башталган

Адольф Гитлер команда берүүдө.
Адольф Гитлер команда берүүдө.

Чагылгандай тез өтчү аскердик план боюнча 1941-жылдын 22-июнунда Гитлердик Германия ири үч аскер тобунун жардамы менен СССРдин батыш чек арасын бузуп кирген.

“Октябрь” колхозунун башкармасы М.Ахмедов колхозчуларга Советтик информбюронун согуш башталгандыгы тууралуу маалыматын окууда. Кыргыз ССРи. 1941-жыл.
“Октябрь” колхозунун башкармасы М.Ахмедов колхозчуларга Советтик информбюронун согуш башталгандыгы тууралуу маалыматын окууда. Кыргыз ССРи. 1941-жыл.

СССРде согуш башталган чакта Кыргызстан калкы 1 миллион 588 миң киши болчу. Аяктагандан кийин республикада 1 миллион 457 миң киши калган. Кыргызстан согушуп аткан армияга 365 миң киши же ар бир төртүнчү адам канмайданга аттанган. Алардын жүз миңден ашууну туулган жерине кайтпай калышты.

Панфиловчулар Ленин ордени менен сыйлангандыгы жөнүндө СССР Жогорку Советинин президимунун катын окуу учуру. 1943-жыл.
Панфиловчулар Ленин ордени менен сыйлангандыгы жөнүндө СССР Жогорку Советинин президимунун катын окуу учуру. 1943-жыл.

150 миң ашуун кыргызстандыктар кан майданда көрсөткөн эрдиги үчүн орден, медалдар менен сыйланган. 72 кыргызстандык Советтер союзунун баатыры деген наамга ээ болушкан.

Чолпонбай Түлөбердиев биринчи болуп төшүн дзотко тоскон. Дүйшөнкул Шопоков Москваны коргоодо курман болгон.

Кыргызстандагы Фрунзе заводу биринчилерден болуп майданга өтө зарыл атайын заказдарды кабыл алган. Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыярлары менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Буга чейинки такталган маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча каражат, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып келет.

30 миң ашуун кыргызстандыктар республикадан тыш аскер өнөр жайынын ишканаларында иштеген. Согуш маалында батыш аймактарынан 30дан ашуун өнөр жай ишканалары көчүрүлүп келген. Уруш күчөп турган чакта республикада 70тен ашуун өнөр-жай ишканалары ишке киргизилген.

Согуш өртү өлкөнүн батышында жалындап күйүп турган

1941-жылы 8-сентябрда немистердин “Түндүк” аскерлер тобу Ленинградды курчоого алып, 872 күнгө созулган блокада башталган.

Ленинград блокадасы. 1042-жыл. Ленинград шаары 872 күн ачкачылыктын кучагында калган. Ошол кезде ар кандай эсептер боюнча 600 миңден 1,5 миллионго чейин киши өлгөн. Алардын дээрлик бардыгы тамак-аш тартыштыгынан улам жарык менен кош айтышкан.

Ал эми ноябрда душмандын “Түштүк” аскерлер тобу Украинаны толугу менен басып алып, Орусиянын түштүгүндөгү Ростов-на-Дону шаарын ээлеген. Анткен менен СССРдин борбору Москвага умтулган немис аскерлеринин “Борбор” тобу максатына жетпей калган.

Эрте түшкөн кыш, сууктан жүдөп, ыкчам аракеттенүү демилгесин колдон жулдурган душмандын Смоленкидеги айыгышкан уруштардан кийин жаалы кайтып, 5-декабрдагы Кызыл аскерлердин контрчабуулдарына туруштук бере албай 100 – 250 чакырым артка чегинүүгө мажбур болгон.

1942-жылы Украинанын түштүгүндө немистердин колуна туткунга түшүп, концлагерге бара жаткан советтик аскерлер. Маалыматтарга караганда 1942-жылы 45 миң советтик жоокер туткунга түшкөн.
1942-жылы Украинанын түштүгүндө немистердин колуна туткунга түшүп, концлагерге бара жаткан советтик аскерлер. Маалыматтарга караганда 1942-жылы 45 миң советтик жоокер туткунга түшкөн.

1941-жылдын 7-декабрында жапан аскер аба күчтөрү Гавайи аралдарында турган америкалык Пёрл-Харбор деңиз базасын бомбалап, АКШнын Тынч океандагы күчтүү флотун талкалап салган. Дүйнөлүк согушка АКШ кирип, төрт жылга созулган Түштүк Чыгыш Азиядагы деңиз согуштары күчөгөн.

Согуш талаасында замбирек сүйрөп бара жаткан жоокерлер. (Сүрөт кайсы жылы, кайсы жерде тартылганы белгисиз).
Согуш талаасында замбирек сүйрөп бара жаткан жоокерлер. (Сүрөт кайсы жылы, кайсы жерде тартылганы белгисиз).

1942-жылдын жайындагы советтик жоокерлердин Харьковдун жанындагы ийгиликсиз чабуулдарынан алсыраган фронтту жарып өтүп вермахтын аскерлери СССРдин түштүгүнө Кавказдагы мунай чыкчу жерлерди ээлеп алуу аракетине киришип, 17-июлда Сталинградды камалай баштаган.

Чабуулга чыгып бара жаткан жоокерлер. 1-июнь, 1943-жыл.
Чабуулга чыгып бара жаткан жоокерлер. 1-июнь, 1943-жыл.

Кеч күздө немис аскерлери Кубанды ээлешкен. Өлкөнүн түштүк капталына тереңдеп кирип кеткен душманды курчоого алып, батыштан келчү жардам жолун тосуп, жеринде жок кылуу операциясы 1942-жылдын 19-ноябрында башталган. Советтик аскерлер фельдмаршал Паулюс жетектеген 300 миңден ашуун аскери бар 6-армияны курчоого алып, 90 миң ашуун жоокерин туткунга түшүргөн. Фельдмаршал Фридрих Паулюс баштаган 24 генерал колго түшкөн. Немис аскерлери буга чейин мындай жеңилүү ызасын тартыша элек болчу.

Жеңилип, туткунга түшөөр алдында замбиректин жанында башын кармап олтурган немис аскери. 1-сентябрь, 1944-жыл.
Жеңилип, туткунга түшөөр алдында замбиректин жанында башын кармап олтурган немис аскери. 1-сентябрь, 1944-жыл.

Кийинки жылы жайында немис аскерлери Курск жанында колдон чыгып бараткан аскердик демилгени кайтарып алуу аракетин башташкан. Бир жарым айга созулган аёосуз уруштардан кийин душман чабуулга буямасы келбей, коргонууга өткөн. Советтик аскерлер Днепрде немистик күчтүү коргонуусун жарып өтүп Киевди бошотууга киришкен. 1944-жылдын жайына карата Украина душмандан толугу менен бошотулган. Жыл башында Ленинград блокададан чыккан.

Ленинград блокадасы. 1943-жыл.
Ленинград блокадасы. 1943-жыл.

Гитлердик Германия менен өнөктөштөрү экинчи дүйнөлүк урушта жеңилери 1943-жылдын аягында эле билинип калган. Согушту кантип аяктоо, “экинчи фронтту” ачуу маселелери 1943-жылдын 28-ноябрынан 1-декабрга чейин Тегеранда өткөн СССР, АКШ, Англия жетекчилеринин “чоң үчтүк” деген аталыштагы жолугушуусунда талкууланган.

Солдон оңго: Иосиф Сталин, Франклин Делано Рузвельт, Уинстон Черчилл. Тегеран. 28-ноябрь – 1-декабрь, 1943-жыл.
Солдон оңго: Иосиф Сталин, Франклин Делано Рузвельт, Уинстон Черчилл. Тегеран. 28-ноябрь – 1-декабрь, 1943-жыл.

Кийинки жылы 6-июнда союздаштар Европада “экинчи фронт” ачышып, Нормандияга аскерлерин түшүргөн. Ушул жылы жайында СССР командачылыгы иштеп чыккан “Багратион” операциясы башталып, Белорус, күзгө карай советтик жерлер душмандан толук бошотулган. Немистик аскерлердин аёосуз каршылыктарына карабай, союздаштардын аскерлери чыгыштан, батыштан активдүү чабуулдарга өтүп, 1945-жылы 25-апрелде советтик аскерлер союздаштардын куралдуу күчтөрү менен Эльба дарыясында кездешкен.

Германиянын жеңилиши

Берлин. 13-март, 1945-жыл. Согушта кыйраган пропаганда министрлигинин имараты.
Берлин. 13-март, 1945-жыл. Согушта кыйраган пропаганда министрлигинин имараты.

1945-жылдын кышынан тарта башталган ири масштабдагы чабуулдардын натыйжасында жазында советтик аскерлер Берлинге жетишкен.

Эки жумалык айыгышкан уруштардан соң 1945-жылдын 2-майында Берлин гарнизону багынган.

Германия багынып бергенден кийин британ кыздары америкалык аскерлер менен бийлеп жатат. Лондон. 8-май, 1945-жыл.
Германия багынып бергенден кийин британ кыздары америкалык аскерлер менен бийлеп жатат. Лондон. 8-май, 1945-жыл.

8-майдан 9-майга караган түнү Германия эч кандай шарты жок багынып берүү актысына кол койгон.

9-май, 1945-жыл. Москвадагы Кызыл аянтта жеңишти майрамдап жаткан аскерлер.
9-май, 1945-жыл. Москвадагы Кызыл аянтта жеңишти майрамдап жаткан аскерлер.

1945-жылдын февралында Ялтада “чоң үчтүктүн” дагы бир жолугушуусу өтүп, андан батыштагы согуш аяктаса СССР Жапонияга каршы уруш ачары талкууланган. Жапон өкмөтү багынып берүү жөнүндөгү сунуштарды чеке кагып, каршылык көрсөтүүсүн уланта бергенден 1945-жылдын 6-9 августунда АКШ Хиросима, Нагасаки шаарларына атомдук бомба таштаган.

Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганын арналган парадда советтик аскерлер фашисттик армиянын ылдый түшүрүлгөн желектерин кармап турушат. Москва. 24-июнь, 1945-жыл.
Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганын арналган парадда советтик аскерлер фашисттик армиянын ылдый түшүрүлгөн желектерин кармап турушат. Москва. 24-июнь, 1945-жыл.

1945-жылы 8-августта Советттер союзу Жапонияга согуш ачкан. 2-сентябрда жапон өкмөтү эч кандай шартсыз багынып берүү актысына кол койгон. Ошону менен адамзат тарыхындагы эң эле оор, 60 миллион ашуун адам өмүрүн алган, миңдеген шаарлар менен кыштактарды тыптыйпыл талкалаган канбайрам токтогон.

СССР 26 миллион калкынан ажыраган. Бул согушта адамзат ядролук бомба алааматын көрдү. Уруш учурунда дос өлкөлөр социалисттик жана капиталисттик деп экиге ажырап, бирин экинчиси душман санап, “кансыз согуш” жарыяланган.

Булак: Азаттык. Бекташ Шамшиев, Гүлжан Турдубаева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here