Акматбек Сүйүмбаев 1920-жылы 20-ноябрда Аламүдүн районунун Байтик айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөсү, жердиги Жумгалдын Таш-Дөбө айылынан болот.
Эмгек жолу
1938-жылы Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумун бүтүрүп, эмгек жолун Нарын шаардык финансы бөлүмдө башкы бухгалтердик кызматтан баштайт. 1939-жылы ал Советтик Армиянын катарына чакырылат да, согуш башталганга чейин эле ротанын старшинасы деген чинге жетип калган, ал эми согуш жылдарында (1942) Советтер Союзунун Баатыры Н.В.Шатилов башкарган дивизиянын курамындагы батальондо командир болуп, нечен айыгышкан кармаштарды башынан өткөргөн. Сүйүмбаевдин согуштагы эрдиктери жөнүндө Шатилов өзүнүн “Рейстаг үстүндө сайылган туу” аттуу китебине чагылдырылган.
Ал фашисттик Германиянын ордосу Рейхстагды алууга катышкан. Бул тууралуу Советтер Союзунун Баатыры, атактуу генерал- лейтенант В. Шатиловдун » Знамя над Рехстагом» деген мемуранында
-Рейхстаг учун салгылаш катуу жүрүп, жүздөгөн, миӊдеген жоокерлер окко учуп да жатышты. Фронттун он флангасынан 33 двизиясы жардамга келишти. Алардын арасында старший лейтенант Ахматбек Суйумбаев командалык кылган батальон да бизге жакында келишти. Кырдаалды жакшы түшүнгөн 24 жаштагы комбат А. Сүйүмбаев күтүп турбастан:

-Чабуулга! деп буйрук берип, өзү алдында кетип жоокерлерди ээрчитип жөнөдү- деп жазган.

Чыныгы баатырлар ушундай чечкиндүү кадамга барышкан.

Ал Түндүк, Батыш, Калинин, 2-Прибалтика жана 1-Белорус фронтундагы салгылашууларга катышып, душманды жеңгенден кийин дагы эки жыл Германияда биздин аскерлердин катарына да кызмат өтөп келет.

Саясый ишмердүүлүгү:

А.Сүйүмбаев аткачкы эмгекке 1947-жылы Кызыл-Аскер райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы, кийин Фрунзе шаардык, Ысык-Көл областтык финансы бөлүмдөрдүн башчысы болуп иштеп жүрүп, 1954-жылы Бүткүл союздук сырттан окутуучу финансы-экономика институтун бүткөн.
Табиятынан сергек, ишке жөндөмдүү А.Сүйүмбаев республиканын финансы министри (1955-60), Эл депутаттарынын Ош областтык Советинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1962-68-жылдары Кыргызстан КП Ош обкомунун биринчи катчысы (губернатор)
1968-1978-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, (азыркыча айтканда 10 жылдан ашуун премьер –министр болгон).
Кыргыз ССР коммуналдык чарба министри болуп иштеген жылдардын ичинде кыргыз элинин рухий байлыгын көтөрүүгө социалдык-экономикасынын өнүгүшүнө, маданиятын арттырууга, өзгөчө спортту өстүрүүгө зор салымын кошкон. Анын учурунда бир канча стадиондор, бассейндер, спорт аянчалары курулган.
Ош областында иштеген мезгилдерде анын колдоосу менен Кызыл-Жар, кургап жаткан Кулунду өрөөнүнүн өздөштүрүлүшү, Төрт-Көл, Базар-Коргон, Токтогул жана башка көп суу сактагычтар, каналдар, Токтогул ГЭСтери жана Оштогу бир топ өнөр жай ишканалары негизделип, чоң күч-кубат жумшоо менен бүтүргөндүгү элдин эсинде тарыхка калды.
Сыйлыктары жана наамдары
Ал согуштагы жана тынч эмгектеги көрсөткөн каармандыктары үчүн бир нече орден, медалдар менен сыйланган. Алардын ичинен эн баалуусу «Берлинди алгандыгы үчүн» ордени.
Кыргыз Өкмөтү А.Сүйүмбаевдин элине сиңирген эмгегин жогору баалап, көзү өтүп кеткен соң өзү туулуп өскөн “Байтик баатыр” айылындагы орто мектепке, Бишкек шаарындагы Карпинский көчөсүнө, Ош шаарындагы бир көчөгө жана стадионго, Жумгал районундагы Таш-Төбө айылына ысымын ыйгарган. Эл үчүн бүткүл өмүрүн арнаган А.Сүйүмбаевдин эмгеги кийинки муундар үчүн өрнөк болмокчу. Ал 1993-жылы Бишкек шаарында каза болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here