Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жеңиштин 75 жылдыгына арналган Кыргызстан менен Орусиянын мааракелик медалдары менен сыйланат. Бул тууралуу президенттин сайты жазып чыкты

6-майдан баштап Кыргызстанда президенттин атынан согуштун катышуучуларын, майыптарын жана Ленинград блокадачылары менен концлагерь туткундарын, ооруктун эмгекчилерин «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйлоо иштери башталды. Аны менен катар ушундай эле медалдар Орусия президентинин атынан да тапшырылат.

Аталган медалдарды уюштуруу 2018-жылдын 28-сентябрында Көз карандылыксыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими менен бекитилген. Медаль жалпы КМШ аймагында бирдиктүү болуп саналат

Кыргызстанда 234 ардагер калды. Алардын 59у согуштун майыбы болсо, 143ү катышуучу, 15и бала кезинде концлагерде, геттодо жана башка мажбурлап кармоо жайында туткун болгондор, 17си Ленинград курчоодо калганда ошол жакта иштегендер. Бир жыл мурда ардагерлердин жалпы саны 356 адам болчу.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here