Чагылган кg: Советтер союзунун Баатыры наамы 1934-жылы уюштурулган. Ошол жылдан 1991-жылга  чейин  15 мамлекет боюнча жалпы 12 777 адам бул бийик наамга татыктуу болушкан. Алардын көбү 1941-1945-жылдары болгон Улуу Ата Мекендик согуш учурунда алышкан.

12777 Советтер союзунун баатырынын ичинен 72си ар кандай тартип бузуулардан улам бул баатырдык наамынан ажырап калышкан. Бул наамды  2 жолу алган адамдардын саны 154. 3 жолу алгандардын саны 3 адам, алар: С. БудённыйИ. Кожедуб   И. Покрышкин.  Төрт жолу алгандар:Л. И. Брежнев  менен  Г. К. Жуков. Мындан тышкары согуш учрунда 12 шаарга “Баатыр шаар” наамы берилген.

Бул наам биринчи жолу 20-апрелде  1934-жылы көрсөткөн эрдиктери үчүн: Михаил Водопьянов, Иван Доронин, Николай Каманин, Сигизмунд Леваневский, Анатолий Ляпидевский, Василий Молоков, Маврикий Слепнев деген 8 учкучка берилген. Алардын  Түндүк  муз окенанынан  «Челюскин» экипажын сактап калышкан эрдиги ушул жогорку наамга татыган.

Жалпы 11 миӊ баатыр

1941-1945-жылдары дагы Улуу ата мекендик согушта жалпысынан 11 миӊден ашуун адам көрсөткөн эрдиктери үчүн  Советтер союзунун Баатыры жогорку наамына татыктуу болушкан. Согуш башталгандан туура 16 күндөн кийин, тагырагы 1941-жылы 8-июнда  бул жогорку наам  158- учкучтар полкунун абадан  авиациялык коргоо корпусунун 3 учкучуна алгачкы  болуп берилген.

Советтер Союзунун Баатыр жогорку наамынын эӊ акыркысы 1991-жылы 24-декабрда суучул, кенже илимий кызматкер, капитан наамындагы Леонид Солодковго ыйгарылган. 1958-жылы туулган Слодоков 1986-жылдан баштап суу астында колдонуучу аскердик техникаладрды изилдеп, сыноодон өткөрө баштаган. 15 күн бою  500 метр тереӊдикте, 25 күн бою 450 метр тереӊидкте изилдөө, сыноо иштерин  тынымсыз жүргүзүп, СССР боюнча рекорд койгондугу үчүн бул жогорку наамга татыган

Кыргызстан: Баатырлар 73

Кыргызстандан  1941-1945-жылдары  365 миӊден ашуун адам катышкан. 100 миӊден ашыгы кайтпай калган. Согуш жылдарында  Кыргызстандан жалпы мурунку маалыматтар боюнча 73, кийин чыккан маалымат боюнча 77 жоокер Советтер союзу наамына татыктуу болушкан. Чынында мындан да кыйла көп болушу керек эле. Бирок ар кандай көз караштардан улам чоӊ эрдиткерди көрсөтүп, бирок бул наамга жетпей калган кыргыз жоокерлеринин саны көп.

Казакстан: Баатырлар 500

Ал эми коӊшу Казакстандан согушка катышкан жоокерлердин саны 1 милн 200 миӊден (1 млн. 400 миӊ деп да эсептегендер бар)ашат. Анын 400 миӊден ашыгы согушта каза болгон. Казакстандан фронтко аттангандардын ичинен 500 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры жогорку наамы ыйгарылган. Алардын басымдуу көбү орус улутундагылар. Ал эми Талгат Бегельдинов, Леонид Беда, Иван Павлов, Сергей Луганскийге бул наам эки ирет ыйгарылган.

Өзбекстан: Баатырлар 338.

Өзбекстан боюнча айтсак, бул өлкөдөн согушка жалпысынан 1, 5 миллионго жакын жоокер катышып, анын 420 миӊдейи каза тапкан. Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгондордун саны 338. Алардын басымдуу көбү орус улутундагылар

Тажикстан: Баатырлар 64

Бул өлкөдөн көп жылдар бою айтылып келген маалымат боюнча согушка 289 адам аттанган. Кийинки маалыматтарда алардын саны 300 миӊден ашуун деп айтылып келет. Советтер Союзу Баатыры наамын алгандар 64 адам. Алардын арасында да орус улутундагылар көп.

Россия: Баатырлар 8 миӊге жакын

Россиянын калкынын саны 1941-жылы 111 миллион болсо, согуш бүткөн соӊ , 1946-жылдагы эсеп боюнча элдин саны 97 млн. 600 миӊ болгон. Ошондо Россия өзү бул согушта 3, 5 миллиондун тегерегиндеги элин жоготкон. Россия боюнча согуш жылдары Советтер Союзунун Баатыры наамын алгандардын саны 8 миӊге жетет. Айрым маалыматтар боюнча мындан да көп. Бул баарынан көп. Андан кийин 2000ден ашуун эсеп менен Украина турат.

Ошол согуш бүткөндөн тартып Советтер Союзунун баатыры наамы 15 мамлекеттен согушка катышкандардын санына жараша бөлүштүрүлүп, берилген деген түшүнүк бар. Албетте, бул да бекеринен айтылып калган эмес.

Жалпы 28 миллиондон ашуун эл каза тапкан

1941-жылы согуш башталган учурда СССРдин жалпы элинин саны 170 555ден ашып турган. Согуш жылдарында кийинки эсептөөлөр боюнча жалпысынан 28 млн. 500 миӊден ашуун адам каза тапкан. Анын 9 миллионго жакыны жоокерлер болсо, калганы тынч тургандар болуп эсептелет.

1941-жылы фашисттик Германиянын калкынын саны 69 миллион 662 миӊдин тегерегинде болчу. Окко учкан жоокерлердин саны 7 миллионго чейин. Тынч тургандардын саны 3 миллионго жетет.

   Төмөндө СССРдин баатыр наамына татыктуу болушкан Кыргызстандык жердештерибиздин ысымдары: 

 1.Азимов Розы

   2.Акуционок Пётр Антонович

 3.  Али-Назаров Садык

 4. Ананьев Николай Яковлевич

 5. Андреев Николай Тимофеевич

 6.Асаналиев Жумаш

  7.Асанов Дайыр

 8. Афанасьев Михаил Денисович

 9. Бабкин Михаил Николаевич

 10. Бегелдинов Талгат Якубекович

 11. Беляндра Василий Яковлевич

 12. Вонахун Мансуз

 13. Волковенко Афанасий Иванович

 14. Дүйшөнкул, Якубов (жакыпов) Осмон.

 15. Выглазов Григорий Исаевич

 16. Гавриш Иван Фомич

 17. Гадельшин Хамит Габдуллович

 18.Гришин Иван Александрович

 19. Дмитриев Николай Михайлович

 20. Добробабин Иван Евстафьевич

 21.Жаркымбаев Казак

 22.Жумабаев Ташмамат

 23.Зверев Николай Александрович

 24. Исламов Юрий Берикович

 25. Кайкин Василий Матвеевич

 26. Калашников Николай Семёнович

 27. Колесников Пётр Федосеевич

 28. Конкин Григорий Ефимович

 29. Красильников Иван Павлович

 30.Кривощёков Алексей Александрович

 31. Крикун Василий Гаврилович

 32. Курочкин Ефрем Георгиевич

 33. Лутфуллин Сульги

 34.Ляшенко Николай Григорьевич

 35. Мазков Евдоким Константинович

 36. Мирошниченко Николай Прокофьевич

 37. Михайленко Евгений Ефимович

 38. Москаленко Иван Васильевич

 39. Немцев Иван Спиридонович

 40.Николаенко Павел Фёдорович

 41. Овчаров Степан Семёнович

 42. Оторбаев Асанбек

 43. Пантелеев Гавриил Фролович

 44. Панфилов Дмитрий Иванович

 45. Панфилов Иван Васильевич

 46. Пасько Евдокия Борисовна

 47. Петренко Григорий Алексее-вич

 48. Петрищев Василий Петрович

 49. Пичугин Дмитрий Николаевич

 50.Пономарёв Иван Семёнович

 51.Пономарёв Павел Сергеевич

 52. Решетник Иван Семёнович

 53. Роденко Константин Герасимович

 54. Романютин Александр Иванович

 55. Рудь Николай Михайлович

 56. Садыков Самат

 57.Сапожников Михаил Григорьевич

 58. Свечников Павел Семёнович

 59. Степаненко Василий Васильевич

 60.Сухин Семён Захарович

 61. Сухов Василий Иванович

 62. Сущев Степан Захарович

 63.Тайгараев Тукубай

 64. Таранчиев Ысмайылбек

 65. Тешебаев Мамасалы

 66. Титов Андрей Алексеевич

 67. Тихонов Григорий Матвеевич

 68. Трясин Ерминингельд Васильевич

 69.Түлөбердиев Чолпонбай

 70. Үсөнбеков Калыйнур

 71. Фуковский Александр Васильевич

 72. Хименко Андрей Максимович

 73.Царенко Лаврентий Иванович

 74 Цинделис Берелис Израилевич

 75.Чортеков Анварбек

 76. Шемякин Григорий Мелентьевич

 77. Шопоков Дүйшөнкул

Буга чейин ЖК депутаты Нурбек Сыдыгалиев Кыргызстандан согушка аттанып, Советтер Союзунун Баатыры наамын алган жердештерибиздин ысымын Кыргызстандагы аскер бөлүктөрүнө ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыккан. Өкмөт азырынча бул маселени карай элек.

Автор: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here