Кыргыз элинин белгилүү акыны, журналист Зайырбек Ажыматов 44 жашында дүйнө салды. Ал журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштаган. Акыркы жылдары «Азаттык» радиосунда иштеп жаткан.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

«Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар», «Жүрөктөгү бороон» ыр жыйнактарынын автору.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштаган. Андан кийин «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Азыркы тапта «Азаттык» радиосунда иштеп жаткан. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган.

Көпчүлүккө маалым болгондой ал жакында эле арабыздан кеткен айтылуу ак таӊдай Элмирбек Иманалиевдин кан досторунун бири эле…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here