Белгилүү акын, журналист Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов 1-майда «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет. Бул тууралуу анын жакын досу, акын жана журналист Мирлан Самыйкожо билдирди.

«Зайырбек менен коштошуу бүрсүгүнү, 1-майда, саат 9:30да башталат. Андан соң «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет», — деди Самыйкожо.

Эске сала кетсек, ал жакында эле арабыздан кеткен ак таӊдай акын Элмирбек Иманалиевдин кан досу болчу.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

«Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар», «Жүрөктөгү бороон» ыр жыйнактарынын автору.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштаган. Андан кийин «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Азыркы тапта «Азаттык» радиосунда иштеп жаткан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here