Эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылат. Мындай чечим 28-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков өткөргөн Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында кабыл алынды.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Жээнбеков: «Өкмөт, бардык мамлекеттик органдар, Коопсуздук кеңеши сунуш кылган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантышы зарыл. Планга өзгөртүү киргизгенде комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин бизнеске жеңилдик берүүгө тиешелүү сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек», — деп баса белгиледи.

28-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 708 болду, алардын ичинен 8 бейтап каза тапты. 416 бейтап айыгып чыкты. 708 адамдын 185и медицина кызматкери. Бүгүн дагы вирус 13 аадмдан табылды

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here