Кыргыз эл акыны Элмирбек Иманалиев бугун ооруканадан каза болгонун жакындары тастыкташт. Ал көп жылдан бери кант диабети менен ооруп жүргөн.

Төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кадимки Эшмамбет акындын небереси болот.

Жогорку билимдүү. Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан окуп, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн.

Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан. Муну көргөн төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, жаш талантты борборго алдырган.

1993-жылдан бери айтыш боюнча республикалык жана эл аралык фестивалдардын баш байге ээси. 2016-жылы КРдин Эл артисти наамын алган.

Эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда иштөөдөн баштаган. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Учурда “Айтыш” коомдук фондусунун акындар мектебинин устаты.

Ырчы, обончу катары “Булбулум”, “Аруузатым”, “Жалгыздыктан тажап бүттүм”, “Коштошуу вальсы”, “Мунарым”, “Балкыма” чыгармалары менен белгилүү.

1995-жылы ырчы Гүлбүбү Ороскул кызына баш кошуп эки кыздуу болгон. Кийинчерээк Нурзат аттуу айымга үйлөнгөн, учурда жубайлардын үч баласы бар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here