20-апрелде Кыргызстанга Кытайдан дарыгерлер тобу келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кытайдан келген адистер жергиликтүү дарыгерлерге коронавируска каршы күрөшүүнүн ыкмаларын көрсөтүп, кеңеш беришет. Буга чейин Кытай бийлиги 15 дарыгерди Кыргызстанга жөнөтүүгө макул болгону кабарланган.

19-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы менен Польшадан сегиз медициналык кызматкерден турган топ келген.

Сегиз адистен турган медициналык топ 24-апрелге чейин Бишкекте болуп, андан соң Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтүшөт.

20-апрелге карата Кыргызстанда СOVID-19га чалдыккандар 568 адамга жетти, дагы эки киши каза болуп, өлгөндөрдүн саны жетини түздү. Ал эми жалпы ооруну жеңип чыккандардын саны 201 болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here