18-апрелде Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясы дагы 17 кишиден табылып, илдет жуктургандардын саны жалпы өлкө боюнча 506га жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Жаңы катталгандардан бешөө Ош облусунда, бирөө Ош шаарында, он бири Ат-Башыда. Алардын төртөө аял, он үчү эркек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here