Короновирустун айынан чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз жарандарын Кыргызстанга алып келиш кыргыз өкмөтүнө далай мүшкүл жаратып жатат. Мындай кыйынчылык келип калса мамлекеттик авиакомпания керек, «азыр жардам бериш керек» дегенине карабай, биздин ак -үй, көк — үйдөгү билермандар Кыргызстанга мамлекеттик авиакомпаниянын кереги жок, жардам бербейбиз деп, убагында Түркиянын» Пегасус»менчик авиакомпаниясын алып келип Кыргызстандын авиациясын түп тамырынан бери өзгөртүп өнүктүрөт жана билеттердин баасы 999 сом болот деген «Пегасус» авиакомпаниясы азыркы күндө куйругун түйүп Кыргызстанды желкемдин чуӊкуру көрсүн деп кетип калыптыр.

Өнүктүрмөк турсун Кыргызстанда болгон жергиликтүү авиакомпанияларды жана жаңыдан өз күчү менен өнүгүп келе жаткан мамлекеттик авиакомпанияны дагы банкрот абалына жеткизип, андан сырткары паритетти көбөйтүүнүн эсебинен пайдалуу болгон маршруттарды орус авиакомпанияларына тарттыртып ийип, же өзүнө жок же өзгөгө жок кылып «Эйр Манас» авиакомпаниясы учпай токтоп турат, Мамлекеттик авиакомпания азыр иштеп турганда чет өлкөдөгү кыргыз жарандарын өзүбүз эле ташып алмакпыз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here