Кыргызстанда 17-апрелге карата соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан дагы 23 адам катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен Бишкек шаарында 14, Чүй облусунда бир, Ысык-Көлдө экөө, Ош облусунда төртөө жана Ош шаарында экөө.

Бир суткада 23 бейтап айыгып чыкты.

Ошентип, жалпысынан 18-марттан 17-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 489 адамдан табылды, алардын бешөө каза тапты, 114 адам айыгып чыкты.

Оору жуккан 489 адамдын аймактар боюнча көрсөткүчү төмөнкүдөй:

Ош облусунда – 135

Жалал-Абад облусунда – 93

Бишкек шаарында – 102

Ош шаарында – 73

Нарын облусунда – 45

Чүй облусунда – 28

Ысык-Көл облусунда – 8

Баткен облусунда – 5 киши.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here