Буга чейин маалым болгондой Бишкектеги «Шыдыр жол кей джи» команиясы бир нече жылдан бери Бишкекке газ менен жүргөн жаӊы автобустарды алып келип, №35 каттамга салышкан. Кийинчерээк № 5 каттам менен да аталган компаниянын автобустар жүрүп жаткан. Жакында дагы бир топ автобустарды алып келип, Бишкек-Кант, Бишкек-Сокулук, Бишкек-Манас аэропортуна жаӊы каттамдар менен кататканы турганда ал иш Транспорт министрлигиндеги коррупциялык иштерден улам токтоп турган. Аӊгыча короновирус илдетинен улам карантин болуп калды. Карантинде аталган компаниянын жетекчилиги убактылуу иштебей турган №35, №5 автобустарды айдашкан 60 айдоочунун үй-бүлөсүнө азык-түлүк таратып, жардам кылды.

Ошондой эле мамлекетке жардам кылуу ниетинде учурда Россия, Казакстандан келе албай жатышкан мигранттарды алып келүүгө өз автобустарын айдоочулары менен кошо бере турганын маалымдашты. Өкмөт ушул маселени ойлонуп, «Шыдыр жол» компаниясынын жардамына да кайдыгер карабай, биргеликте иш алып барса, эӊ ириде алыста зарыгып мекенибизге жете албай жатышкан мекендештерибизге жакшы болмок.

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Ушул вирус кимди Ким экенин билдируудо. Биз Соль Илецкиде туруп калган кыргыз жарандары атынан буюрса граница ачылып калса 100 дон ашуун машина бар. Ар Бир машинага 2,3 орунга кете албай калгандарды алып кетууго даярбыз. Алла баарыбызга сабр берсин! Бул кундор да отуп Кетер. Мындай окмотко мигранттар кереги жок болсо Анда бизге мындай окмоттун кереги барбы? Оз кызыкчылыгын гана коздогондор? Жолдо калган мусапыр элиме жонокой гана Эл жардам берет! Кыргызстандагы элибиз Аман болгула!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here