Маалым болгондой буга чейин чет мамлекеттерден Кыргызстанга келе албай жаткан мекендештерибиздин саны 4000ден аша турганы, анын 2000ден ашыгы Россияда экени айтылган. Бул маселе Жогорку Кеӊеште да кызуу талкууга алынган. Ал эми башынан мигранттардын таламын талашып, алардын укугун коргоп, чоӊ колдоо көрсөтүп келаткан «Замандаш» партиясынын лидери Жеӊиш Молдокматов короновирус Кыргызстанда катталганча эле мекенибизге келе албай ар кандай кырдаалга, тосколдуктарга туш болгон мигранттардын өз үйлөрүнө жетип алышы үчүн чоӊ аракеттерди кылып жатканын баарыбыз билбеиз.

Бүгүн «Замандаштын» ошондой аракеттеринин бири ишке ашып, Түркиядагы 200 мекендешибиз атайы уюшулган учакка менен Кыргызстанга жол тартышты. Учакка олтуруп, кубанычтары коюнуна батпаган мекендештер Жеӊиш Молдокматовго ыраазычылык билдирип жатышканын береги тасмадан көрүүгө болот.

Ал эми Жеӊиш Молдокматов болсо бул ишке жардам кылгандарды баса белгилеп, төмөндөгүдөй билдирүү жазды:

— Урматтуу мекендештерим, ушул күндү күтүп, тилеп келдик.Силердин «учканы жатабыз» дегениңер жүрөк жылытат. Баарыбыздын мээнетибиз текке кетпептир. Аман жетип алыңыздар!Элибиздин башынан эмне гана өткөн эмес. Кудайым буйруса аз убакыттан кийин өз мекенинерге келип, жакындарыңар менен көрүшөсүңөр. Эң негизгиси, элибизде амандык, ынтымак, биримдик, ал эми, өлкөбүздө өнүгүү болсун! Аман эсен, бири бириңерди угуп, сыйлап мекенибизге сак саламатта келиңиздер!Өзгөчө ыраазычылык урматтуу Исхак Айтбаевич, Наталья Владимировна Сиздерге билдиребиз! Маселенин чечилишин көзөмөлдөп, парламентте карап, өкмөткө талаптарды коюп атып, биртуугандарыбыз мекенине кайтып келатышат. Бар болуңуздар!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here