Америкалык Женнифер Халлер коронавируска каршы сыналып жаткан вакцинаны алган дүйнөдөгү биринчи адам болуп калды. Вакцина алгангандан кийин “биринчи күнү дене табым бир аз көтөрүлдү. Экинчи күнү болсо колдорум катуу ооруду. Ошону менен баары бүттү, өзүмдү кайра мурдагыдай жакшы сезип калдым”, — деди Халлер

Жакынкы күндөрү Сиэтл шаарынын 44 жаштагы тургунуна вакцинанын экинчи дозасы сайылат. Женнифер Халлер 2021-жыдын жаз айларына чейин адистердин көзөмөлүндө болмокчу.mPHK-1273 аталышын алган вакцинаны Сиэтл институту Modern биотехнологиялык компаниясы менен биргеликте жасаган. Буга чейин жаныбарларга ийгиликтүү сыналып, март айынын орто ченинде адистер адамдарга сайып көрүп байкай башташкан. Ыктыярчылар бир жыл бою медиктердин көзөмөлүндө болушат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here