Кыргызстанда 15-апрелге карата соңку бир суткада 19 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Бүгүнкү күнгө карата илдетке чалдыккандардын жалпы саны 449 болду. Жалпысынан сакайып кеткендердин саны 78.

Оору жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 98ге жетти. Алардын 15инен (Бишкек – 3,
Ош облусу – 2, Ош шаары -10) бул илдет акыркы бир сутка ичинде аныкталды.

Республика боюнча оору жуккан 449 адамдын арасынан:

Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 130
Ош шаарында – 71
Чүй облусунда – 28
Бишкек шаарында – 82
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here