14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 11 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрнин орун басары кабарлады. Алардын ичинен сегизи Бишкекте. Чүй облусунда бир, Жалал-Абад облусунда эки адам.

Жалпысынан 18-марттан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 430га жетти, бешөө каза болду. 71 адам айыгып чыкты. Ооруканада жаткан 13 бейтаптын абалын догдурлар оор деп баалап жатышат.

Коронавируска каршы республикалык штаб өзгөчө абалды дагы узартууну сунуш кылды. Учурдабул маселе комитеттерде талкуулана баштады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here