Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол коюп, Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберди.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдардын саны 430 адамга жетти. Бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты. Адистер оорунун жайылышы туу чокусуна жете электиги менен негиздөөдө. Саламаттык сактоо министрлиги туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here