Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус жуккан дагы 42 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрнин орун басары кабарлады.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата бул илдет жуккандар 419 болду, каза болгондордун саны 5, айыгып чыккандар 67.

419 адамдын эң көбү Ош облусунда — 128. Андан кийин Жалал-Абад облусу — 91, Ош шаары — 59, Чүй облусу — 27, Бишкек — 69, Баткен облусу — 5,
Нарын облусу — 34, Ысык-Көл облусу — 6 адам.

Илдетти жуктуруп алгандардын арасынан медицина кызматкерлеринин саны 79 адам.

2

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here