Бүгүн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков штабдын жетекчиси, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кабыл алды. Боронов президент Сооронбай Жээнбековдон Кыргызстандагы айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунушун билдирди.

Боронов мындай чара эл арасында коронавирустун жайылышын болтурбоо менен шартталганын айтты. Реагенттин жоктугунан баштапкы анализдер тоңдурулуп коюлгандыгын белгилеген Боронов азыр алардын жыйынтыгы толук алынганын, ошого жараша оорунун саны да көбөйүп жатканын айтты. Азырынча акыркы жумалардын графигинин негизинде оорунун туу чокусуна жеттик деп айтуу али эрте экени баса белгиленди.

Эми президентке берилген ушул сунушка ылайык, Жогорку Кеӊеш 15-апрелде кезексиз жыйынга чогулуп, өзгөчө абалдын убактысын ушул айдын аяган чейин узарта турганы айтылууда.

Кыргызстанда короновируска чалдыкандардын жалпы саны 419га жетти. алардын 79 медицина кызматкерлери.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here