11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 41 адамдан табылды. Бул тууралуу 11-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Жаңы катталган 41 адамдын 12си Бишкекте. Чүй облусунда үч, Ош облусунда 18, Ош шаарында алты, Нарын облусунда эки. Алардын ичинен 22си аял, 19у эркек.

Бир сутка ичинде беш бейтап стационардан чыгарылды (Ош облусу — 1, Жалал-Абад шаары — 3, Бишкек шаары- 1). Бардыгы болуп ушул күнгө чейин 44 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 339 кишиге жетти, каза болгондор — бешөө.

11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус табылган 41 адамдын арасынан 12си медицина кызматкерлери. Жаӊы учурлардын ичинен сегиз дарыгер Бишкек шаарында, бирөө Нарын облусунда жана үч дарыгер Ош шаарында. Ушуну менен инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны – 51 болду.

Алар — дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана кир жууган жумушчулар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here