Ысык-Көлдө карантиндин биринчи жумасында эле кыйылган 5 өспүрүмдөрдүн өмүрү мени абдан ойго салды. Андан кийин Чүйдөн экөө бир күндө өз өмүрлөрүнө кол салды. Бул кандай өкүнүчтүү окуя. Кандай арман! Азыр ушул карантин болбогондо, бул балдардын өлүмүн биз бир-бирибизге шылтамайды, күнөөлүүлөрдү издөөнү баштайт элек. Эми, алар үйдөн чыкпай олтурган учурда мындай окуя болуп кеткенин угуп, унчукпай калдык, таш тиштеп. Ошону үчүн да, жергиликтүү бийлик бул санды коркпой айтып турат. А чынында бул өтө коркунучтуу кабар. Бул кабар коронавирустан коркунучтуу дарт бизди эбак курчап алганынан кабар берет. Бул ошол үй-бүлөнүн эле кайгысы эмес, бул баарыбыздын трагедиябыз. Биздин балдар эмнеге мындай жолду тандап жатышат? Аларга эмне керек? Аларга эмне жетпейт? Алар эмнеге нааразы? Ошол суроонун баарына жооп берчү — биз, баарыбыз. А биз ага жооп бере албайбыз. Себеби, биз эмне деп жооп беришти билбейбиз. Кызыкпайбыз. Биздин өзүбүздүн жашоо бар. Биздин башыбызга балдарыбызга караганда байлык, бийлик, атак-даңк, папка талашуу же алыш-бериш, той-топур тууралуу ойлор көбүрөөк келет. Албетте, балдардын өз өмүрүнө кол салуусу жетишпеген жашоодон келди деп, анын аркасында күнөөлүүнү издесек, Акаевден баштап азыркы бийликке чейин жүздөгөн күнөөлүүлөр чыгат, чыга берет. Арийне, биздин кичинекей, бейиштей болгон кооз жерде балдарыбыздын курсагын ачырбай багып алуу мүмкүн эле да. Балдар азыр бизден алдыга кетишти. Ой жүгүртүүсү, аалам таануусу боюнча бизден алдыда. Алар бул жерде олтуруп алып, океандын ары жагындагы жашоого көз чаптырат. Алардын турмушун дилине сиңирип, кооз жашоого кызыгышат. А биз чоң кишилер алар менен сүйлөшүп, бул жашоодо бар менен жоктун маңызын, илгерки ата баба баскан жолду, бир ууч талканга сатылган эжелерибиз тууралуу, өздөрү ачка болсо да, согуш талаасына акыркы нанын жиберген апаларыбыз тууралуу айтып бербейбиз. Баса, быйылкы жылды балдарды коргоо жылы деп кабыл албадык беле. Анан? Анан биз балдарды коргой алдыкпы? Балдардын баёо дүйнөсүн түшүнүп, аларга көңүл бөлө алдыкпы? Алар үчүн бакчаларды курдукпу, көп балалууларга, аз камсыз болгон үйдө чоңойгон балага жардам бере алдыкпы? Жөн эле, алдыбыздан чыккан баланын чекесинен сүйдүкпү? Бул маселени жалгыз мамлекет эмес, ар бирибиз ойлонушубуз керек. Биз балдарды унутуп койдук. Өз өмүрүнө кол салган балдардын арасында мигранттын да баласы бар экен. Кээси үй-бүлөлүк конфликттен улам ушундай окуяга кабылды деп жатышат. Ал эми, конфликт эмнеден башталат? Адам жашоого ыраазы болбосо, өз оюн угуза албаса чыгат. Демек, биз балдарыбызды уга албай жатабыз. Бизге андан көрө бирибиз теңирчи, бирибиз исламчы, дагы бирибиз баптист болуп, эки-экиден урушуп, ит жебеген кыкты жеген жагат жана ыңгайлуу. Такыр болбой калса, саясатчыларды бөлүп алабыз, меники, сеники деп. Жакшылап ойлонсоңор, бүгүн биз кайсы темаларды көп талкуулайбыз? Эмнени көп окуйбуз? Сасыган саясатты. Демек, биз сасыган жашоого татыктуубуз. Жаман жери, ошол жашоодо биздин балдар биз менен кошо жашап жатат. Аларда эмне күнөө? Азыр автоунаадан көп нерсе жок. Кабат-кабат үйлөр салынып жатат. Той берип, ал тургай каза болгон кишини той бергендей дасторкон жайып узатып жатабыз. Арийне, биз ошо менен бактылуу болуп кеттикпи? Жок. Себеби, биздин каалообуз чексиз. Биз дагы көп нерсени самайбыз. Биз ачкөзбүз. Чындап келсе, балдардын өз өмүрүн кыюусу баарыбызга кагылган коңгуроо.”Токто!” деген белги. Биздин ниетибиз бүгүнкү “коронавирус” деген сыноодон кийин да оңоло элек. Эми бул балдардын өлүмү баарыбызды ойлондурушу керек. Кытайда карантин бүткөндөн кийин массалык түрдө ажырашуулар болуп кетти деп жатат. Себеби, адам адамды тааныган эмес. Азыр бизди деле башканын жашоосу ойлондурбайт. Биз коңшубуздун жашоосу менен да кызыкпайбыз. Кечөө эле Маякта лагерди обсервация кылчу жайга колдонууга уруксат бербей турганыбыз кандай өзүмчүлдүк?! Албетте, анда жайлуу шарт жок деп жатышат. Бирок, ал экинчи маселе го. Кыргыз качан өз элин башына мүшкүл түшкөндө талаага таштады эле? Кыргыз кыргызды эмес, казак, дунганды кучак жайып тосуп алган. Биз балдарыбызга кандай тарбия берип жатабыз? Азыр биздин коомдо баланы уруп-согуп, өз билгенин жасап, зордуктап, өлтүрүп салгандар көбөйдү. Жүрөк үшүн алган ушундай кылык-жорукка “адамдар” эмнеге барып жатышат? Аларды айбан жасабаган ишти жасоого, маңкурттукка, караөзгөйлүккө, мыкаачылыкка, көк мээликке ким же эмне түртүп жатат? Балдардын алсыздыгынан, аруулугунан пайдаланып, ар түрдүү жийиркеничтүү жана эч убакта кечирүүгө болбогон иштерди адам баласы эмнеге жасайт? Аларга –өлүм!-деп бир эмес, миң ирет айткың келет. Барган сайын кылмыштуулук азайган менен, кылмыштын угуп адам чыдагыс түрү көбөйдү. Бирок, жакында кабыл алынган Жаңы Кылмыш (Жазык) кодексинде ушул балдарга карата жасалган кылмыштын жазасын тартуу маселеси да гумандаштырылып кеткени кызык болду. А балдарга карата жасалган кылмыш бир жылда миңдеп саналып, саны жылдан жылга өсүп барат. Кыргызстандагы балдар үйүндөгү бөбөктөрдүн 96 пайызынын ата –энеси бар экени айтылган. Ал эми, учурда өлкө аймагында 8000ден ашык бала муниципалдык, жеке менчик жана диний балдар үйлөрүндө тарбияланып жатат дешет. Арийне, ал жерден балдар кандай тарбия алып жатат? Ата-энеси четте жүргөн балдар ата-эненин сүйүүсүн ким берет? Бул чоң суроо. Ушунун баарын карап туруп чын эле адамдар кайда бара жатабыз деп сурап бүтпөйсүң. Буга себепкер жетишпеген жашоо дейли десек, “ачкадан өлүптүр” дегенди уга элекмин. Бул жерде негизги көйгөй напсинин бузулушу, адамдардын басымдуу бөлүгү кантип “гүл турмушта” жашайм деп стресске, депрессияга кабылып жатканыбы деп коем. Анан гүл турмушка умтулган ата-энелер балдарды экинчи планга калтырган. Руханий байлыктын жетишсиздигинен, адамдардын нравасынын бузулушунан, ички агрессиянын, ички конфликтин өсүп кетишинен, мамлекет тарабынан улуттук идеалогиянын жүргүзүлбөгөнүнөн, мектептерде бул ишти алдына алган атайы сабактар болбогонунан биз айткан кейиштүү окуянын баары болуп жатат. Азыр үй-бүлөлүк институт бекемдеш керек болуп турат. Жергиликтүү органдар айына чогулуп, ушундай окуяларды изилдеп, себебин билсин, анын аркасында ата-энелер менен иш алып барылсын. Мамлекеттик идеология түзүлсүн. Ар бир үй-бүлө менен, өзгөчө ички, сырткы мигранттардын балдары багылган үй-бүлөлөрдө иш жүргүзүлсүн. Өтө өкүнүчтүүсү, азыр балдарга карата жасалган зомбулук чоочун адамдар тарабынан эмес, жакын туугандары аркылуу жасалууда. Жакын тууган ким болуп кетиптир, өзү жашоо берген энеси тарабынан эки баланын бирдей мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн угуп туруп жүрөк титирейт. Биз балдарды өз ата-энесинен коргошубуз керек деген маселе көтөрүп жатканыбыз- биздин тунгуюкка камалып калганыбыздын далили эмей эмне? Бул кандай өкүнүчтүү жана коркунучтуу.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here