Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн республикалык штабдын жыйынында коронавирус жуккандар менен байланышта болгон акыркы адамды аныктамайынча, карантинди токтотконго болбой турганын билдирди.

Өкмөт башчы адамдар ортосундагы байланышты минималдаштыруу – коронавирус инфекциясынын кеңири жайылышына каршы туруунун эң натыйжалуу ыкмасы экенин белгиледи. Ал өз сөзүндө:

-Тесттердин бардыгынын анализдери чыгып, алардын байланыштары боюнча акыркы киши такталмайынча, карантинди токтото албайбыз. Биз үчүн ар бир жараныбыздын өмүрү баалуу. Эпидемия учурдагы абалын көрүп туруп, кырдаалды жеңилдетип коюуга жол бере албайбыз. Акыркы контакт болгон адам табылганга чейин иштейбиз. 100% жок деген ишеним керек», — деди. Бирок ал өкмөт премьер-министр өзгөчө абал же кырдаал боюнча сөз кылып жатканын тактаган жок.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here