Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү жыйында. өкмөттүн чечими менен 80 миңден ашуун муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүү үчүн азык-түлүк топтому чогултулуп, 10 миң тонна ун бөлүнгөнүн билдирди. Ал: «Бюджеттин корголгон беренелери толук көлөмдө каржыланат. Айлык акыларды төлөп берүүдө эч кандай көйгөйлөр жана кечиктирүүлөр болбойт» -деп айтты.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тегерегинде каттоосуз жашаган, пенсия жана жөлөк пул албагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 600 тонна ун жана 35 тонна кумшекер бөлүү чечими кабыл алынган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 10 млн. 846 миң сом түшкөн, анын ичинен 4 млн. 380 миң сом азык-түлүк сатып алып, таркатууга жумшалды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here