Кыргыз өкмөт кары-картаӊдарга пенсия жана жөлөк пул алуучуларга акчаны өз убагында алууга болгон ыӊгайлуу шарттарды түзүп берип жатат. Буга чейин бул айдын пенсиясын «Кыргыз почтасына» ар бир пенсионердин үйлөрүнө жеткирип берүүгө милдеттендирген. Эми Улуттук банк аркылуу пенсионерлер жана жөлөк пул алуучулар «Элкарт» улуттук карточкасы аркылуу акчасын алган учурда комиссия алынбай турган шартты түзүп берди.

Токтом менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттен пенсия, жөлөк пул алгандар кайсы банктан эсеп ачканына карабастан комиссия төлөөдөн бошотулат. Бардык коммерциялык банктар «Элкарт» улуттук карточкасы аркылуу пенсия менен жөлөк пулун чыгаруу учурунда комиссия албоого тийиш. «Бул бардык банктардын POS-терминалдарына жана башка түзүмдөрүнө тийиштүү» деп айтылат токтомдо.

Ушундай эле милдеттенме «Банк аралык процессинг борборуна» да жүктөлдү. Аталган ишкана «Элкарт» улуттук карточкасы аркылуу чыгарылган пенсия, жөлөк пул же иштетилген акчалай процесстер үчүн коммерциялык банктардан комиссия албашы керек.

Социалдык фонд буга чейин Кыргызстандагы 670 миң пенсионердин 55% пенсиясын банктардан, калганы почта бөлүмдөрү аркылуу ала турганын маалымдаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here