Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу жазып чыкты.

Ал:

-Сөзүм куру болбош үчүн Жогорку Кеңештин үч төрагасы кылып жаткан иштер тууралуу эле кыска маалымат бере кетейин. Учурдагы төрага Дастанбек Жумабеков 150 тонна ун, 20 миң медициналык маска, бир тонна антисептикалык каражат таратты. Эки айлык эмгек акысын фондго которду.

Мурдагы төрага Чыныбай Турсунбеков Нарында 850 үй-бүлө, Ысык-Көлдө 40, Чүй областы боюнча 40 үй-бүлөгө ун, макарон, суу май таратты, алдыда дагы 1000 үй-бүлөгө жадам берүү жагын пландап жатат.

Дагы бир мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков Кара-Кулжа районунда 200 тонна ун, 20 тонна суу май таратты. Тагыраак айтканда, 4000 үй-бүлөгө бир каптан ун, 5 литрден май таратты. Мындан сырткары коронавируска каршы күрөш фондуна 1 миллион сом которду.

Жардамдарды фракция лидерлери дагы берип жатат. 120 депутаттын ичинен колунан келгени унчукпай эле жардам берип атат, келбегени кур дегенде бир айлык маянасын которду. Эсиңиздерде болсо, өткөн ай соңунда 4 миллион сомго жакын маяна фондго которулган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here