Жеке ишкер Эрмек Маркабаев Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы 5 айылдагы 100дөй аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө азык- түлүк таратканы маалым болду. Маркабаев коронавирустан улам карантинден улам сыртка чыга албай, азык-түлүккө муктаж болгон райондогу майыптарга, көп балалуу үй-бүлөөлөргө жана багаар-көрөөрү жок кары-картаңдарга ун, май, ун азыктарын, жашылчалардан турган жардам берген.

Маркабаев мындай жардамдарды буга чейин даберип келген. Эми мындан ары бере турганын айткан. Маселен, жакынкы аралыкта медициналык каражаттар, санитардык каражаттардан да жардам көргөзмөкчү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here