У луттук статистика комитети Кыргызстанда негизги тамак-аш азыктарына болгон баанын өсүшүнөн улам быйылкы жылдын биринчи кварталында жашоо минимуму былтыркы жылдын алгачкы үч айына салыштырганда 10,4 пайызга кымбаттаганын кабарлады. Маалыматта: быйыл январь-март айларында жашоо минимумунун нарктык чоңдугу киши башына 5167 сомду түзгөнү айтылат. Мындай көрүнүш республиканын бардык аймактарында байкалды.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк жана тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда бүгүнкү күндө жумушсуздардын жалпы саны 156 миң адамдын тегерегинде.

Март айында өлкөдө улуттук валюта сомдун долларга карата курсу дээрлик 12 сомго арзандашы жана коронавируска байланыштуу чек аралар жабылганы азык-түлүктүн кымбатташын шарттады

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here